Биз менен байланышыңыз

Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат

Кыска кабар | 22 Сен 2024 | 51 | 0

Бүгүн саат 08:00дө № 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды. Добуш берүү саат 20:00дө аяктайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, шайлоого 7 талапкер ат салышууда:

  1. Лилиенталь Юлия Викторовна;
  2. Бегматов Бейшенбек Саматович;
  3. Кошалиев Мелисбек Ысманалиевич;
  4. Кылычбаев Алтынбек Таирович;
  5. Арапбаев Асилбек Ормонович;
  6. Сейдахматов Жыргалбек Орозбекович;
  7. Сапарбаев Медербек Мусаевич.

Аталган округ боюнча биротоло тизмедеги шайлоочулардын саны 124 миң 429, анын ичинен 62 миң 373ү эркектер (50,13%) жана 62 миң 56сы аялдар (49,87%). Жалпы 81 шайлоо участоктогу түзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM