Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан бюджеттеги «жашыл» чыгашаларды маркалоо процессин киргизе баштады

Кыска кабар | 18 Сен 2024 | 130 | 0

Финансы министрлиги Дүйнөлүк банктын колдоосу менен бюджеттин «жашыл» чыгашаларын  маркалоо процесси башталганын билдирди.

Маркалоо «жашыл» каржы агымдарына көз салууга жана классификациялоого мүмкүндүк берет, б.а. бул курчап турган чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга бөлүнгөн каражаттар.  Муну менен ар бир жаран мамлекеттик каражаттар кандай экологиялык жана климаттык максаттарга жумшалып жатканы тууралуу билет.

Бул өлкөнүн экологиялык абалды жакшыртууга жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүүгө багытталган БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарына, Париж келишимине (УДАС) Улуттук деңгээлде аныкталган салымына жетүү боюнча күч-аракетинин маанилүү бөлүгү болуп саналат.

«Бюджеттин «жашыл» чыгашаларын маркалоо ачыктыкты жогорулатуу, каржылоону тартуу жана Кыргызстандагы экологиялык жана климаттык максаттарга жетүү үчүн ресурстарды мобилизациялоонун негизги куралы болот. Долбоор ар бир сарпталган сом туруктуу жана экологиялык келечек үчүн маанилүү экенин камсыз кылууга багытталган”, — деп белгилейт Дүйнөлүк банктын айлана-чөйрө боюнча экономисти Лейла Райна.

Бүгүнкү күндө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде бюджеттик «жашыл» чыгашаларды маркалоо системасын ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоор башталды. Бул министрликтер климат жана экология боюнча улуттук жана эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууга эң активдүү катышкандар катары тандалып алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM