Биз менен байланышыңыз

Чаткалда инвесторлордон 200 миң доллар талап кылууга шек саналгандар кармалды

Кыска кабар | 13 Сен 2024 | 101 | 0

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Жалал-Абад облусундагы кызматкерлери тарабынан И.Н.А. аттуу жаран 10 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап алуу учурунда кармалды.

Ал ички иштер органынын мурдагы тергөөчүсү экени аныкталып, Чаткал районунун экс-акими Т.А. жана мурдагы журналист Н.А.К. менен бирге узак убакыт бою Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен иштерине тартылган чет элдик инвесторлордон 200 миң долларды опузалап, бул аймактагы инвесторлордун иштөөсүнө тоскоолдуктарды жаратабыз деп коркутуп келишкен.

Бул адамдар үстүбүздөгү жылдын июль айында 60 миң долларды алып, калган сумманы опузалап алууну уланта беришкени аныкталган.

Мындай факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалоо) менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM