Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдөн дагы 13 тонна таштанды чыгарылды

Кыска кабар | 12 Сен 2024 | 148 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көлдөн дагы 13 тонна таштанды чыгарышты.

Көлдү таштандылардан тазалоо иштери 2023-жылдын 12-мартында башталган. Быйыл да тазалоо жумуштары жасалып, жыл башынан бери 13 550 кг таштанды, 32 700 метр балык уулоочу тор чыгарылган.

Суучулдар таштандынын көлөмү быйылкы жылы өткөн жылга салыштырмалуу көп экенин айтышкан. Мындай көрүнүш тазалыкка үндөгөн эскертүү жана эрежелердин сакталбай жатышы жана эс алуучулардын көптүгү менен байланыштуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM