Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан менен Өзбекстандын оюну башталды

Кыска кабар , Спорт | 10 Сен 2024 | 362 | 0

Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюну башталды.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат.

Беттеш 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында болуп жатат. 

9-сентябрда оюн алдындагы маалымат жыйында Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын атаандаштарды жеңүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин айткан.

«Биз атаандашты изилдеп көрдүк жана оюнда аларды таң калдыра турган көз ирмемдерди таптык. Эртең, күйөрмандарыбызды кубантабыз деген ишеничтемин.

Биз талаанын экинчи жарымында ойногубуз келет, бирок атаандаш муну да каалабай турганын унутпашыбыз керек. Биз ийгиликтүү боло турган варианттарды табышыбыз керек. Биздин тайпадагы кайсы бир атаандаш болбосун, ар бир оюнда мүмкүнчүлүгүбүз бар деп эсептейм» , — деди ал.

Беттешти ФИФА калысы Ахмад Аль Алинин жетекчилиги алдындагы Кувейттик арбитрлер тобу калыстык кылууда.

Бул беттеште VAR системасы колдонулууда.
Оюнга президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевда келген.

5-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курма командасы Иран менен ойногон. Беттеш Ирандын Исфахан шаарынын «Фуладшехр» стадионунда болду. Оюндун алгачкы бөлүгүндө ирандык Мехди Тареми бир гол киргизди. Кийинки бөлүктө бул эсеп өзгөргөн жок. Кыргызстандын курама командасы Иранга жеңилген.

Улуттук курама команда «А» тайпасында жайгашкан. Анда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары бар.

Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.

Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучу аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM