Биз менен байланышыңыз

Мадридде электросамокаттарды ижарага берүүгө тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Сен 2024 | 303 | 0

Испаниянын борбор шаары Мадридде электросамокаттарды ижарага берүүгө тыюу салынды.

Мадрид шаардык кеңеши шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо максатында электросамокаттарды ижарага берүүгө тыюу салды. Испания өкмөтү самокаттарды ижарага берген Lime, Dott жана Tier компанияларынын лицензиясын чакыртып алды.

Мадрид мэри Хосе Луис Мартинес-Алмейданын маалыматында, шаардык кеңеш буга чейин ижарага берчү компанияларга бир катар шарттарды койгонун, бирок алар бир да коюлган талапты аткарбаганын айтты.

Шаардык кеңеш электросамокаттарды ижарага берген компаниянын тиркемесин текшерүүгө алуу үчүн аракет кылып, бирок майнап чыккан эмес. Ошондой эле камсыздандыруу маселеси да ачык бойдон калган.

Lime, Dott жана Tier компаниялары Мадридде электросамокаттарды ижарага берип, ар бир эки миңден самокатка уруксат алган. Эми шаардык кеңештин чечими менен алар октябрь айынан тарта шаардан чыгарылат. Мындан сырткары башка компанияларга да мындай ишмердүүлүккө уруксат берүү токтотулат. Мунун баары шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо максатында жасалат, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми электросамокаты бар жеке жактар шаар ичинде колдоно алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM