Биз менен байланышыңыз

Израилдин соккусунан улам Сирияда кеминде 16 киши набыт болду

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Сен 2024 | 279 | 0

Сириянын батышындагы бир катар буталарга 9-сентябрга караган түнү жасалган соккудан кеминде 16 киши набыт болду. Ондогон адам жаракат алды. Бул тууралуу Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлап, чабуул үчүн Израилди айыптады.

Израил мындай учурларда кабарларга комментарий бербейт.

Сириянын мамлекеттик САНА маалымат агенттиги армиядагы булактарына таянып, Израил бир катар аскердик буталарга сокку урганын ырастады. Reuters агенттиги чалгын кызматтарындагы булактарына таянып, Масиафтагы аскердик илимий изилдөө институтуна чабуул жасалганын ырастоодо. Ирандын аскердик эксперттери колдонгон объектилерге да сокку урулганы айтылууда.

Бирок Дамаск жана Тегеран бул химиялык куралга байланыштуу институт экенин четке кагып, Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нассер Канаани Сириянын аймагына кол салуу болгонун ырастап, жабыркаган объект Иран менен байланышы жок экенин билдирди.

Израил маал-маал Сириядагы буталарга, өзгөчө иранчыл топтор менен байланышкан буталарга сокку уруп турат, алар өз кезегинде Израилдин түндүгүн аткылашат.

1-апрелде Израил Дамасктагы Иран консулдугунун комплексине сокку уруп, натыйжада жогорку даражадагы ирандык офицерлер мерт болгон. Иран апрель айынын орто ченинде Израилдин аймагына болуп көрбөгөндөй чабуул жасап, муну жооп кайтаруу операциясы деп эсептеген. Ирандын ракеталары менен учкучсуз учактарынын басымдуу көпчүлүгү атып түшүрүлүп, эч ким каза болгон эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM