Биз менен байланышыңыз

ЮНИСЕФ Тажикстанда балдарды ур-токмок менен жазалоого тыюу салууну колдойт

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Сен 2024 | 282 | 0

ЮНИСЕФ уюму Тажикстан өкмөтүнүн балдарды уруп-согуп жазалоого тыюу салуу чечимин кубаттай турганын Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Бул кадам өлкөдөгү 4 миллион баланы үйдө да, мектепте да зомбулуктан коргоону көздөйт.

Жаңы мыйзам июнь айында күчүнө кирген. Бул 2011-жылы кабыл алынган “Ата-энелердин балдарды тарбиялоо жоопкерчилиги жөнүндө” мыйзамдын ордун басат. ЮНИСЕФтин Тажикстандагы өкүлү Артур ван Дизен белгилегендей, өзгөртүүлөр өкмөттүн балдардын ар-намысын жана физикалык кол тийбестигин коргоого умтулуусун көрсөтүп турат. Ал бул маанилүү кадам болгону менен балдардын жашоосун жакшыртуу боюнча иштер улантылышы керектигин баса белгиледи.

ЮНИСЕФ дүйнө жүзү боюнча болжол менен 330 миллион бала ур-токмок, зомбулукка кабылганын, бул алардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирген көйгөй экенин эске салат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM