Биз менен байланышыңыз

Олимпиада: Бекзат Алмаз уулу коло медаль үчүн күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 9 Авг 2024 | 861 | 0

Парижде өтүп жаткан Олипиада оюндарында эркин күрөш боюнча 57 кг салмак ченинде кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу коло байге үчүн күрөшө турган болду.

9-августта кайталоо турниринин биринчи айлампасында кыргызстандык балбан кытайлык Ванхао Жу менен беттешип, жеңишке жетти.

Кечинде Бекзат Алмаз уулу коло медаль үчүн күрөшөт. Анын атаандашы өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев болмокчу.

Кыргызстандык балбан 1/8 финалда казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде жеңген. Чейрек финалда америкалык Ричард Спенсер Ли аттуу спортчуга жеңилип калган. Ричард Ли жарым финалда өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевди жеңип финалга чыккан. Эреже боюнча Бекзат Алмаз уулу көңүл жубатуучу беттешке чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM