Биз менен байланышыңыз

«Өрүктүн майы кант диабетине шыпаа». Баткендик ишкер менен маек

Блог , Кыска кабар | 8 Авг 2024 | 971 | 0

Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Кара-Бак айылынын тургуну Мундузбек Темиркулов 2020-жылы Batken Natural KG компаниясын негиздеген. Андан бери көптөгөн өнөктөштөрдү таап, бүгүнкү күндө «Бал ширин», «Экомейд» жана башка айыл азыктарын саткан дүкөндөргө продукциясын сатат. Жакында дагы бир канча түзүлүп жаткан компаниялар менен иштешүүнү көздөөдө.

Ал негизги максаты, нукура, таза өрүктү Кыргызстан боюнча кайсы дубан болсо да түз жеткирип берүү экенин, ошондой эле бизнеси элдин ден соолугуна пайда алып келишин көздөйт.

Быйыл түшүм аз болду

Быйыл Кудайдын буйругу менен жаанчыл болуп, өрүктөр жакшы болбой калды. Биздин түшүмдүн 30-35 пайызы соодага жарабай, тагыраагы, өрүктөр кара болуп кургап, алар эми шербетке жарактуу болот.

Бизде жалпысынан 4 гектардан ашык жерде өрүк бак бар.

Сезон учурунда көп адамды иштетебиз. Себеби өрүктү кагууда, аны терүүдө, алып келип жаюуда, үстүн жабуу, кайра терип, ылгаган, баары колдо жасалат, ошондуктан сезон учурунда көп киши иштейт. Ал эми товарды таңгактаганды үй-бүлөбүз менен эле жасайбыз.

Иранга 20 фура өрүк экспорттоону көздөп жатабыз

Азырынча бул нукура өрүктөрдү экспорттоо пландарыбыз бар, бирок чыгара элекпиз. Ал эми компот кыла турган сортторун экспортко чыгарып жатабыз.  Мисалы, былтыр Иранга эки фура саттык. Быйыл, азыркы күндө дагы эки фура даярдап жатабыз. Алдыңкы айларда 20 фураны чыгарууну пландап жатабыз.

Тажрыйба алмашуу

Биз Жапониянын Кыргызстанда ишке ашып келген «Бир айыл, бир продукт» долбоору менен иштейбиз. Мындан тышкары, башка мамлекеттерде өрүктү кандай кургатарына кызыгып, маалымат алып турабыз.

Түркияга жана башка мамлекеттерге барып, өрүктү өстүрүүдө кандай органик дарыларды колдонот, кургатууда кандай тажрыйбалар бар, үйрөнүп келүүгө кызыкдарбыз.

Өрүктөн жасалган азыктар — өрүк майы

Биз өрүктүн эки-үч түрүн даярдайбыз – «сууканы» сорту, данектүү жана данексиз, ошондой эле кандек өрүктөр.

Өрүктөн жасалган азыктар тууралуу айтсак, өрүк курут даярдайбыз, бул кадимки эле сүзмө жана өрүктү аралаштырып даярдалган продукция. Батончик даярдалат, андан тышкары, өрүктүн данегинен өрүк майын жасап жатабыз.

Өрүктүн майы кант диабетине шыпаа

Биз интернеттен жана практикадан көргөн маалыматтарыбыз боюнча, өрүктүн майы ондон ашуун ооруларга шыпаасын берип жатат. Анын ичинде кант диабетине чалдыккан адамдар өрүк майын ичип, шыпаа таап жатышат. Нерв, ашказан ооруларына даба болот экен.

Учурда «Алыш-Дан Органик» кооперативине мүчөмүн жана цехте сөөктү чага турган аппарат иштетебиз. Анда өрүктүн данегин башка, сөөктү башка кылып, ылгап берет. Андан кийин май чыгарабыз.

100 кг данектен 25 литрге чейин май чыгат. Өрүк майын Кыргызстан боюнча 20дан ашуун сатуу жайларыбыз бар.

Кыргызстан боюнча баасы 100 мл 350 сом.

Москвада да сатыкка чыгып атат, баасы — 100 мл 500 рубль.

Өрүк майын 0°Сдан төмөн эмес жана +25°Сдан жогору эмес температурада, нымдуулугу 75%дан ашпаган, күн нуру түз тийбеген жерде сактоо керек. Сактоо мөөнөтү бир жыл.

Өрүк майын колдонуу шарты

Эртең менен ачкарын бир чай кашык ичесиз, эки сааттан кийин тамактанасыз. 100 мл өлчөмү 30 күндөн ашык убакытка жетет.

Ишкер өрүк майынын пайдалары жөнүндө интернеттен жана практикадан алынган маалыматтары менен бөлүштү. 

Өрүк  майын иммунитети төмөндөр, каны аз адамдарга ичүү сунушталат. Май кислоталары организмге энергия, кубат берет.

Ички органдарынын иштөөсүнүн сезгенгенде ичсе пайда берет.

Гастритке, ичи катыганга каршы.

Кант диабетине, оорунун алдын алууга. Кандагы холестеринди азайтат, боорду, бөйрөктү тазалайт. Канттан болгон шишиктерди кетирет. Алдын ала профилактика катары ичип жүрүү керек.

Аллергиянын алдын алат. Профилактика катарында алдын-ала ичип жүрүү керек.

Стресс алганда, уйкусуздукка каршы.

Нерв ооруларына (баш ооруга), титирөөгө (судороги), ашыкча суюктуктардын топтолушуна.

Дем алуу органдарынын ооруларына жана жөтөлгө.

Рак ооруларынын алдын алууга. Өрүк майындагы В17 витамини рак клеткаларын жок кылат. Алдын ала профилактика катары ичип жүрүү керек.

Жүрөк, кан тамыр ооруларына. Өрүк майындагы калий, кальций, жүрөктүн жана кан тамырларынын, нерв системасынын иштешин жакшыртат.

Жүрөк, бөйрөк, боор, көк тал, нерв органдарынын иштөөсүн нормалдаштырат.

Арыктатат. Ичеги-карындагы шлактарды тазалайт.

Организмди шлак, токсин, жана ашыкча суюктуктардын топтолушунан тазалайт.

Потенцияны жогорулатат, тукумсуздуктун алдын алат.

Жаш балдардын рахит оорусуна, же сөөктөрдүн туура эмес өрчүшүнө каршы.

Жаш балдарда уктаганда дем ала албай калган оору кеңири таралууда, уктоо алдында мурдуна бир тамчыдан өрүк майын тамызып койсо, жакшы дем алып уктайт.

Мындан сырткары өрүк майы косметикада теңи жок азык болуп эсептелет. 

Терини азыктандырат, жумшартат, бырыштардын алдын алат. Теринин картаюусунун алдын алат, күйгөн, кесилген жерлерге сүртсө тез сакаят.

Өрүк майынын курамында төмөнкүлөр кездешет:

* Витаминдер А, В15, B17, С, D, Е, F.

* Темир, калий, кальций, кобальт, магний, марганец, медь, цинк.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM