Биз менен байланышыңыз

Олимпиада: Амантур Исмаилов коло байге үчүн күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 8 Авг 2024 | 753 | 0

Париждеги Олимпиада оюндарынын алкагында кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов грек-рим күрөшү боюнча 67 кг салмак категориясында көңүл жубатуучу беттешке чыкты.

Беттештин биринчи бөлүгүндө Амантур Исмаилов сербиялык Мате Немешти 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утту.

Эми кыргызстандык балбан Париж Олипиадасынын коло байгеси үчүн күрөшөт.

Амантур Исмаилов алгачкы беттешинде грузиялык 28 жаштагы Рамаз Зоидзе менен күч сынашып, 12:1 эсебинде уткан. Чейрек финалда украиналык Парвиз Насибовго жеңилген. Насибов жарым финалда азербайжандык Хазрат Жафаровду жеңип, финалга чыккан. Мунун эсебинен Исмаилов көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган.

Амантур Исмаилов Азия оюндарынын коло байгесинин ээси. 2022-жылдагы Дүйнө чемпионатынын коло байге ээси.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM