Биз менен байланышыңыз

Париж-2024: Бүгүн эки кыргызстандык балбан килемге чыгат

Кыска кабар , Спорт | 5 Авг 2024 | 468 | 0

Бүгүн, 5-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер башталат.

Мелдештин биринчи күнү грек-рим күрөшү боюнча 60, 130 кг чейинки салмакта жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг чейинки салмак категориясында беттештер өтөт.

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмак ченинде казакстандык Айдос Султангали менен кез келет.

Ал эми Мээрим Жуманазарова 68 кг монголиялык Делгермаа Энхсайхан менен күч сынашат.

1/8 финалдагы мелдештер Бишкек убактысы боюнча 19:00дө, жарым финал түнкү саат 01:00дө өтөт.

Жубатуучу беттештер жана медаль үчүн беттештер эртең, 6-августта болот.

Copyright © 2017 Maral FM