Бишкек шаарында 2-августтан тарта №118 муниципалдык автобус каттамы иштей баштады. Мэриядан кабарлашкандай, автобустун акыркы аялдамалары Бакай-Ата конушунда жана Жал айылында жайгашат.
Күн сайын каттамга 25 бирдик автобус чыгат. Аралыгы 10 мүнөттү түзөт. Бул автобус каттамы шаардыктардын кайрылууларынын негизинде ачылганын мэриядан кошумчалашты.