Биз менен байланышыңыз

Бейтаптардын ата-энелеринен акча талап кылууга шек саналган медкызматкер кармалды

Кыска кабар | 1 Авг 2024 | 224 | 0

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун кызматкерлери тарабынан опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Тергөөнүн жүрүшүндө улуттук борбордун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы К.Б. бейтап балдардын ата-энелеринен аларга көрсөткөн кызматтары үчүн системалуу түрдө акча чогултуп жүргөнү аныкталган. Алынган каражаттын көлөмү 2 миң сомдон 30 миң сомго чейин болгон.

Аталган кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM