Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Мөңгүнүн эришинен «Челектөр» көлүндө суу топтолууда

Кыска кабар | 1 Авг 2024 | 209 | 0
ӨКМ тараткан сүрөт

ӨКМге караштуу өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти тарабынан бийик тоолуу көлдөргө изилдөө иштери уланууда.

Министрлик 30-июль күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан Челектөр көлүнүн абалына изилдөө жүргүзгөн.

Челектөр көлү кыргыз кырка тоосунун түндүк жантаймасында, Нооруз дарыясынын бассейнинде дениз денгээлинен 3800 м абсолюттук бийиктик алкакта Таш-Башат айылынан 12 чакырым аралык алыстыкта түштүктө жайгашкан.

Талаа изилдөө иштери учурунда көлдүн абалына параметрлерин аныктап билүү жана абалына баа берүү максатында комплекстүү изилдөө иштер жүргүзүлүп, батиметриялык (тереңдикти көрсөтүүчү) өлчөөлөрдү жүргүзүүнүн негизинде тереңдиги аныкталды жана дрондун жардамы менен көлдүн учурдагы абалын картага түшүрүү иштери жүргүзүлдү.

Изилдөөнүн натыйжасында көлгө мөңгүнүн эришинен суулар топтолуу фазасында, ал эми суунун көлөмү туруктуу экени аныкталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM