Биз менен байланышыңыз

Токмоктогу дөңгөлөктү кайра иштетүүчү завод жыл аягында толук ишке киргизилет

Кыска кабар | 30 Июл 2024 | 192 | 0

Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Токмок шаарындагы “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун филиалы болгон унаа дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүчү заводго барды.

Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод 2023-жылдын августунда сыноо режиминде ишке киргизилген. Ишкананын ишмердүүлүгү эски автомобиль шиналарын кайра иштетүү аркылуу өндүрүштүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга багытталган.

“Калдыктарды акчага айландырабыз” долбоорунун максаты, немец технологиясы боюнча ишкана түзүү болуп саналат, ал ар кандай өлчөмдөгү дөңгөлөктөрдү калыбына келтирет, бузулган шиналарды алмаштыруунун баасын төмөндөтөт жана кирешенин жаңы булактарын түзүүнүн эсебинен “Кумтөр Голд Компани” компаниясынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатат, ошол эле учурда пластик буюмдардын калдыктарынын зыяндуу таасирин азайтат.

Заводдун жетекчилиги ишкананы тесттик режимде толук ишке киргизүү 2024-жылдын аягына пландаштырылганын маалымдады. Толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыгуу менен завод саатына 2 тоннага чейин автомобиль дөңгөлөктөрүн кайра иштете алат. Жылына мурда атайын техниканын ар кандай түрлөрүндө колдонулган 2 миңге чейин ири габариттүү жана 8 миңге чейин орто, жеңил габариттүү унаа дөңгөлөктөрүн калыбына келтире алат.

Бул “Кумтөр” компаниясынын шиналарды алмаштырууга кеткен чыгымдарын 30-40% га кыскартууга мүмкүндүк берет. Өндүрүлгөн продукция Кыргызстанда гана сатылбастан, коңшу мамлекеттерге да экспорттолот. Бүгүнкү күндө ишкана 8 ай сыноо режиминде 900 миң килограмм шиналарды кайра иштеп чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM