Биз менен байланышыңыз

Түркиянын Ван облусу менен Кыргызстандын Нарын облусу кызматташат

Кыска кабар | 30 Июл 2024 | 193 | 0
Элчи Руслан Казакбаев

Кыргызcтандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Ван облусуна иш сапары менен барып, губернатордун орун басары Мурат Яйабашы менен жолугушту.

Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Аймактар аралык кызматташуунун алкагында Ван провинциясы менен Нарын облусунун ортосунда кызматташтык түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Элчи Руслан Казакбаев Ван провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Неждет Таква менен да жолугушту. Тараптар 2025-жылдын март айынан май айына чейин Ван провинциясынын бизнес коомчулугунун Кыргызстанга сапарын уюштурууга макулдашышты.

26-июлда элчи Вандагы “Йүзүнчү йыл” университетинин ректору Хамдулла Шевли менен жолугушуп, билим берүү тармагындагы маселелерди талкуулап, Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө сөз болду.

Мындан тышкары, Ванда жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери тууралуу да маселе көтөрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM