Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 31-июлда көпчүлүк аймакта өткүн өтөт

Кыска кабар | 30 Июл 2024 | 397 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 31-июлда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым учурларда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36,

Баткен облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +26…+31.

Нарын облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +33…+35 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM