Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде калтырды

Кыска кабар | 30 Июл 2024 | 154 | 0

Улуттук банк эсептик ченди 9% деңгээлинде калтырды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев 30-июлда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, май айынан тарта Кыргызстанда инфляция орто сакталып турат. 2024-жылдын июль айында жылдык инфляция көрсөткүчү 4,2 пайызды түздү.

Быйыл алты айда насыя берүү 9 пайызга өскөн, алар негизинен калкка керектөө максаттарына берилген.

Улуттук банк пайыз саясатын жеңилдетишинин натыйжасында, 2024-жылдын апрель айынын акырынан тарта банктар аралык акча рыногунда кыска мөөнөттүү пайыздык чендер төмөндөгөн.

Инфляциянын тышкы жана ички факторлорунун тенденцияларына баа берүүдө өтүп жаткан жылдын акырына карата жылдык инфляция көрсөткүчү орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчү 5-7 пайыз чегинде калыптанышы белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM