Биз менен байланышыңыз

Париж-2024: Өзбекстандык дзюдочу Диёра Келдиёрова алтын утту

Кыска кабар , Спорт | 29 Июл 2024 | 411 | 0

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында өзбекстандык дзюдочу Диёра Келдиёрова 52 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, алтын медаль утуп алды.

Ал 1/8 финалдагы биринчи беттешинде Олимпиданын учурдагы чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, акыркы беш жылдан бери эл аралык мелдештерде бир дагы жолу жеңиле элек жапон спортчусу Ута Абэни утуп алды.

Диёра Келдиёрова кыз-келиндер арасында жайкы Олимпиада оюндарында алтын уткан өлкө тарыхындагы алгачкы спортчу болуп калды. Жергиликтүү басылмалар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Диёра Келдиёровага телефон чалып, жеңиши менен куттуктаганын кабарлашты.

Париж-2024: Казакстандык дзюдочу Елдос Сметов алтын утту

Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 11-августка чейин уланат.

Кыргызстандык спортчулардын Олимп оюндарындагы мелдештеринин графиги

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM