Биз менен байланышыңыз

Алайда «Мыкты бизнес айымдар» форуму өтөт

Кыска кабар | 25 Июл 2024 | 145 | 0

9-август күнү Accelerate Prosperity уюму Алай районундагы Гүлчө айылында “Women CUP: Мыкты бизнес айымдар” аталышында форум өткөрөт.

Иш-чара Алай районундагы жана Ош облусундагы ишкер аялдар үчүн инкубациялоонун алкагында ачык форматта өткөрүлөт. Форумга 100дөн ашык ишкердин катышуусу күтүлүүдө.

Форум аялдардын ишкердигин колдоо, аларды өз бизнесин баштоого шыктандыруу жана бизнес көндүмдөрүн өнүктүрүүгө арналган.

Форум АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду тарабынан “Жергиликтүү өнүгүү” долбоорунун алкагында биргелешип каржыланган Women CUP инкубациясынын бир бөлүгү болуп саналат.

Бул каржылоолор экономикалык өсүүнү камсыздоо, инфраструктураны жакшыртуу, жарандардын жана жергиликтүү институттардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, плюрализмди жана коомдук биримдикти жайылтуу үчүн инновациялык чечимдерди издөөгө жана ишке ашырууга багытталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM