Биз менен байланышыңыз

«Комсомол» көлүнүн ачылышы кечеңдегенине байланыштуу акимге эскертүү берилди

Кыска кабар | 25 Июл 2024 | 237 | 0

Бишкек шаарынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгы 24-июлда «Комсомол» көлүндө сууга түшүү сезонун ачуу боюнча Свердлов администрациясы жүргүзүп жаткан иштерди көзөмөлдөө максатында Карагач токоюнун аймагына барган.

Текшерүү учурунда аталган аймакты көрктөндүрүү, тротуарды, пирсти ж. б.  реконструкциялоо иштери аяктай электиги аныкталды.

Бишкек мэри Свердлов районунун акими К.М. Айтакуновго аталган көлдө сууга түшүү сезонун ачуу боюнча тапшырмалардын өз убагында аткарылбагандыгына байланыштуу эскертүү берди.

Акимге кыска мөөнөттө көлдүн айланасын көрктөндүрүү боюнча бардык иштерди сапаттуу жыйынтыктоо тапшырылды.

Бишкектеги Каражыгач токоюндагы «Комсомол» көлүнө июлдун башында суу толтурулуп жаткан. «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көлдүн түбүн механикалаштырылган жана кол менен тазалоо, ошондой эле учурдагы скважиналарды, канализация системасын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.

Мэриянын маалыматына караганда, «Комсомол» жасалма көл жана өзүн-өзү тазалоо системасы жок. Акыркы жылдары көлдү толтуруу үчүн суу Чоң Чүй каналынан алынып келген. Быйыл скважинадан таза суу толтурулуп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM