Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү 20-августка чейин жабылат

Кыска кабар | 7 Июл 2024 | 328 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

«Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы Гоголь көчөсүндөгү магистралдык жылуулук тармагын оңдоону 8-июлдан тарта улантат. Буга байланыштуу Гоголь көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Маалыматка караганда, диаметри 400 мм, узундугу 420 метр болгон түтүктөр алмаштырылат. Жылуулук тармагынын бул участогу 1979-жылы ишке берилип, 45 жылдан бери иштеп келет.

Реконструкциялоо ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Оңдоо иштерин 20-августка чейин бүтүрүү пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM