Биз менен байланышыңыз

«Англис тилин кыргызча үйрөнүүгө талап көп». Тил үйрөнүү үчүн адистин кеңеши

Билим-маданият , Блог | 16 мая 2024 | 3182 | 0

Англис тилин кыргызча программа менен үйрөткөн жана 10 жылдан ашык тажрыйбасы бар Чыныгүл Бакыт кызы «Маралга» өзүнүн тил үйрөнүүдөгү тажрыйбасы, биринчи эмнеден баштан керек жана башка улуттагылардын тил үйрөнүүдөгү методдору менен бөлүштү.

Англис тилин кыргызча үйрөнүүгө талап көп

Азыр интернеттен бир маалымат издегенде орус же англис тилинде маалыматтар өтө көп. Ал эми кыргызча маалыматтарды табуу кыйынга турат. Бизде көпчүлүк жарандар айыл жеринен англис тилин үйрөнүү үчүн шаарга келип курстарга барганда, ал жерде дагы англис тилин орус тилинде түшүндүрүп берет. Ошондуктан мен кыргыз тилинде түшүндүргөн англис тили курсун ачтым. Албетте мен мыкты кыргыз тилчи эмесмин. Бирок окутуу программаны кыргыз тилинде айтып түшүндүрө тургандай кылдым.

Менин таң калганым студенттеримдин көпчүлүгү Бишкекте жашаган орус тилдүүлөр болуп жатат. Алардын айтуусу боюнча кыргыз тилинде окуганда тилди тезирээк үйрөнүшөт экен. Себеби биз башка тилге караганда өзүбүздүн тилди жакшыраак түшүнөбүз. Кандай болгондо дагы орус тили бизге чет тили деп эсептелет.

Тилди үйрөнүүдө биринчи эмнеден башташ керек?

Биздин негизги максат — сүйлөө. Биринчи тили чыгып келе жаткан бала башында сүйлөй албайт, бирок көп угат. Биз дагы тилди кичинекей баладай кабыл алышыбыз керек. Биринчи көбүрөөк угуп, андан кийин көбүрөөк ошол тилдеги маалыматтарды окушубуз зарыл. Бул нерселерге көнүп баштагандан кийин кыскача оюбузду кагазга жазсак жакшы болот.

Чын эле кыргыздар башка тилди бат өздөштүрөбү?

Бул нерсени так айта албаймын. Себеби ар кайсы өлкөдөн келген студенттерге сабак өтүп келе жатам. Ар биринин өзүнүн тил үйрөнүүдө техникалары бар экен. Биздеги көп тил үйрөтүү ыкмалары мектептеги программада калыптанып калгандай окуп, жаттап айтып берүү. Бири-бирибизден көп айырмаланбайбыз. Болгону ар бир элдин өзүнүн атайын айырмаланып турган методдору бар. Мисалы, япониялык студентти окутканымда ал жазып үйрөнүп жүрдү. Биз болсо тескерисинче сүйлөп, диалогдорду көп кылабыз. Жалпысынан ар бир адамдын өзүнүн бир сезими күчтүү болот. Болгону ошону таап колдонушу керек.

Тил үйрөнүү чыдамкайлыкты талап кылат

Биз кыргыздар чыдамкай болобуз. Ал эми тилге келгенде жай үйрөнөбүз. Бирок сүйлөгөнү келгенде тартынбай сүйлөп кете алабыз.

Англис тилин үйрөнүүдө эки методика бар. Эгер визага же жумушка орношууда сүйлөшүүгө керек болсо, анда бир айдын ичинде ошого тиешелүүнү үйрөнө алабыз. Ал эми оюн жеткирип сүйлөп кетүү үчүн бул убакыт өтө эле аз. Бирок бир деңгээлден жогоруга көтөрүлсө болот. Бул жерде дагы адамдын жөнөдөмүнө, тырышчаактыгына жараша болот.

Жеке өзүбүз же группа менен окуганда тез үйрөнүп кетебизби?

Ар бир адамдын кыялы, мүнөзү ар кандай болот. Кээ бирлер көп адамдын арасында тартынып оюн айта албашы мүмкүн. Себеби жаңы үйрөнүп жатканда сөз байлыгыбыз аз болгондуктан көпчүлүктүн арасында сүйлөгөндөн тартынабыз. Ошондуктан башында мугалимден жеке өзү сабак алган студент батыраак кабыл алат. Ал даяр болуп калгандан кийин группага кошсо жакшыраак.

Кээ бир студенттер жакшы билсе дагы уялчаак болушат. Аларды дагы группага кошкон жакшы таасирин бербейт. Алар билген нерсесин дагы уялып айта албай артта калышат.

Көбүнчө группада эркек кишилер ката айтып жатса дагы көп уялбайт. Туура эмес жерин мугалим оңдоп койсо андан ары кошуп, жаңылып калганын унутуп кете берет. Ал эми аялзаты ката кетиргенибизди өзүбүзгө катуу кабыл алып, ката кетиргенден коркобуз. Кыздар курбулары менен чогуу же жеке окуганы жакшыраак.

Англис тили жумшак тилдердин катарында

Англис тилин окуганда көбүнчө грамматика менен сөздөрдү туура айтуудан кыйналышат.  Бирок кыргыз, казак тилдүүлөр сөздөрдү орус тилдүүлөргө караганда туура айтат. Себеби орус тили катуу, ал эми англис тили жумшак тилдердин катарына кирет.

Сөздөрдү кантип бат жаттай алабыз?

Биз көбүнчө сүйлөгөндө этиштерди көп колдонобуз. Аларды сөзсүз жатташыбыз керек. Бир текстти окуп жаңы сөздөрдү ошол замат жаттаганга киришебиз. Аны тез эле унутуп калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан жаңы сөздөрдү жазып алып аны күндө кайталап турган жакшыраак. Сиз эки методду тең эксперимент кылып көрсөңүз болот. Мисалы, биринчи жаңы сөздөрдү жазып бир саатта жаттап коюңуз. Экинчи метод менен сөздөрдү жазып күндө бир маал карап көз жүгүртүп туруңуз. Биринчи методдо тез арада жаттаган сөздөрүңүз көпкө чейин эске калбашы мүмкүн. Себеби аны түшүнбөй туруп аз убакыттын ичинде жаттап койгонсуз.

Андан тышкары, сөздүн жанында сөзсүз сүйлөм болушу керек. Себеби аны колдонбосоңуз тез эле унутуп каласыз.

Тил үйрөнөм дегендерге кеңеш

Тил үйрөнүүдө “жашым өтүп кетти же али жашмын” деп айтпаш керек. Менин азыр студенттеримдин арасында эң кичүүсү беш жашта, ал эми эң улуусу 63 жашта. Экөө тең жакшы жыйынтыктарды берип жатат. Себеби алардын койгон бир максаты бар. Ошондуктан тил үйрөнөм дегенде сөзсүз түрдө эмне үчүн үйрөнүп жаткандагы максатыңызды билишиңиз зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM