Кыргызгидромет билдиргендей, 14-майда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24,
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 30…32 градус болот.