Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын 2-3-майында жумушчу сапары менен Өзбекстандын Ташкент шаарына барат.
Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 11-жыйынына жана үчүнчү эл аралык Ташкент инвестициялык форумуна катышат.
Иш-чаралардын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.
Мындан тышкары энергетика жана курулуш тармактарында иш жүргүзгөн эл аралык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү жана курулуш объекттеринин башкы пландары менен таанышары күтүлүүдө.