Кыргызстанда 28 миң 936 бала 1-класска электрондук каттоодон өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Билим берүү жана илим министрлигинин Санариптик трансформация бөлүмүнүн 11-апрелге карата берген маалыматына ылайык, республика боюнча 28 миң 936 бала катталды.
Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча катталуу:
- Ысык- Көл облусу: 2928 (жалпы квота – 13 миң 821)
- Жалал-Абад облусу: 5133 (жалпы квота – 34 миң 778)
- Нарын облусу: 2109 (жалпы квота – 7 миң 741)
- Баткен облусу: 3244 (жалпы квота – 16 миң 190)
- Ош облусу: 5052 (жалпы квота – 35 миң 785)
- Талас облусу: 1568 (жалпы квота – 6 миң 957)
- Чүй облусу: 4086 (жалпы квота – 31 миң 474)
- Бишкек шаары: 4117 (жалпы квота – 17 миң 908)
- Ош шаары: 699 (жалпы квота – 11 миң 233)
Толгон мектептер:
1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
8-апрелде баланы мектепке 1-класска электрондук каттоо башталган. Кабыл алуу эки этапта жүргүзүлөт: 8-апрелден 2-июнга чейин юридикалык каттоодон жери боюнча, ал эми экинчи этап – 3-июндан 30-августка чейин жашаган жерине карабастан, бош орундар бар мектептерге каттаса болот.