Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарында агрофорум өтөт

Кыска кабар | 30 Мар 2024 | 266 | 0

Бишкек 2-апрелде «Туруктуу агроөнөр жай секторун түзүү» аталыштагы форуму өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Форум — айыл чарбасындагы алдыңкы ишкерлердин тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн ири аянтча болот.

Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар тематикалык сессиялар өтөт:

  • айыл чарбасын жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү,
  • Кыргызстанда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн келечеги,
  • агроазык-түлүк секторундагы мамлекеттик чыгымдардын тенденциялары,
  • азык-түлүк коопсуздугу жана инфляция жөнүндө изилдөөнүн алгачкы жыйынтыктары,
  • технологиялар, инновациялар жана инвестициялар аркылуу атаандаштыкка жөндөмдүү жана туруктуу айыл чарбасын түзүү.

Иш-чарага республиканын бардык облустарынан дыйкандар, ишкерлер, кайра иштетүүчүлөр жана өндүрүүчүлөр чогулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM