Кыргызгидромет билдиргендей, 16-февралда жаан, айрым жерлерде кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад облустарында күндүз жаан-чачын катуу жаайт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0… +5, күндүз +2…+7,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 1…+6,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +2…+7,
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2.
Бишкек шаарында жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 3…+5 градус болот.