Биз менен байланышыңыз

Орусияда кароосуз калган беш өспүрүм Кыргызстанга жеткирилди

Кыска кабар | 6 Фев 2024 | 346 | 0

Орусияда кароосуз калган беш өспүрүм Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Төрт эркек, бир кыз өспүрүмдү «Манас» эл аралык аэропортунан ИИМдин жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборунун кызматкерлери тосуп алышкан.

Маалыматка караганда, алар Орусияда кароосуз калып, Москва шаардык ички иштер башкармалыгынын тестиер-өспүрүмдөрдү убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. Балдарды Кыргызстанга өткөрүп берүү ушул башкармалык тарабынан уюштурулган.

Өспүрүмдөрдүн үй-бүлөсү, башка мамлекетке кетүү себептери, ал жактагы жашоо шарттары такталган. Эми аларга тарбиялоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин Кыргызстандагы жакындарына өткөрүлүп берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM