Connect with us

Элдар Абакиров менен Айсулуу Мамашова депутаттык мандат алышты

Кыска кабар | 2 Фев 2024 | 433 | 0

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты болуп катталды. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 2-февралдагы отурумунда кабыл алынды.

Муну менен катар Айсулуу Мамашова да «Альянстан» Жогорку Кеңештин депутаты болуп каттады. Аларга тиешелүү документтер – күбөлүк жана депутаттык төш белги берилди.

Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында “Ата Мекен” партиясынан депутат болгон.

Элдар Абакиров Жогорку Кеңешке Фарходбек Алимжановдун ордуна келди. Жогорку Сот быйыл январда Алимжановдун мандатынан ажыраткан чечимди күчүндө калтырган.

Copyright © 2017 Maral FM