Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев жаштар арасында синтетикалык баңгизатын колдонуу жайылып жатканын парламенттин 31-январдагы жыйынында айтты. Ал маңзатты интернет каналдар аркылуу сатуу оңой болуп калганын белгиледи.
Мээге күчтүү таасир берген дары-дармектер дарыгердин гана көрсөтмөсү менен сатылышы керек болсо, бүгүнкү күндө көзөмөлсүз сатып жаткандар бар. Депутат маңзат саткандарды кармоо да оңой болбой калганын, укук коргоо органдары маңзатты онлайн саткандарга ылайыкташып, күрөшүшү керектигин айтты.
«Аптекалык наркомания, синтетикалык баңгизаттарынын түрлөрү кеңири жайылып жатат. Азыр телеграм каналдар аркылуу баңгизаттарын сатып алуу абдан оңой болуп калды, тилекке каршы, жаштар ошол тузакка түшүп калып жатышат. Синтетикалык маңзаттардын кооптуулугу, адам аны эки жолу колдонгондон кийин өмүр бою тузакка түшөт» , — деди депутат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы 7 миңдей адам маңзат колдонгонго байланыштуу каттоодон өтүшкөн. Бирок көпчүлүк жеке клиникаларга кайрылгандыктан ал жакта статистика жүргүзүлбөйт.
Медер Алиев сунуштаган токтом долбоору дарыканаларда жаштарга мээге күчтүү таасир берген психотроптук заттарды сатууну токтотуу, аларды саткандарды жоопко тартуу, интернетте көзөмөлсүз ачылып жаткан онлайн дүкөндөрдү жабууга багытталган.
Депутаттар маңзат көйгөйү боюнча күрөштү күчөтүп, алдын ала турган чараларды көрүү боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алышты.
Токтом долбоорун буга чейин парламенттин эки комитети колдогон.