Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунун 38-чакырымындагы унаа кырсыгынан беш адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Кырсык болгон жерде төрт адам мерт кетип, бирөө ооруканага бараткан жолдо көз жумган.
Автокырсыктан 13 киши жабыркады, анын төртөө ооруканада, калгандары үйдөн дарыланууга жиберилди. Ооруканага жаткырылган төрт адамдын бирөө реанимацияда, абалы оор, калгандарыныкы орточо оордукта экендигин айтылды.
26-январда Бишкектин четиндеги айланма жолдо маршрутка менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.