Connect with us

Жогорку Сот Фарходбек Алимжановдун мандаты боюнча чечим чыгарды

Кыска кабар | 26 Янв 2024 | 404 | 0

Жогорку Сот 26-январдагы отурумунда Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжановдун Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча арызын карап, канааттандырган жок.

Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы «Маралга» тастыктады.

Бишкек шаарынын административдик сотунун 4-августтагы жана шаардык соттун 2-октябрдагы чечими күчүндө калтырылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2023-жылдын 6-июлунда УКМКнын маалыматтарынын негизинде жасалма диплом чырына байланыштуу Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынан депутат Фарходбек Алимжановду жана «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан Фархат Исмаиловдун каттоосун жокко чыгарган.

Андан кийин мандатынан ажыратылган Фарходбек Алимжанов менен Фархат Исмаилов Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берген.

Депутат Фарходбек Алимжанов жогорку билими тууралуу жасалма диплому бар деген маалыматтарды четке кагып, 2016-жылы ОшМУнун экономика факультетин бүтүрүп, бакалавр даражасын алганын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM