Connect with us

Муфтийдин милдетин аткаруучу болуп Самидин Атабаев бекитилди

Кыска кабар | 26 Янв 2024 | 1139 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын уставына ылайык, муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев муфтийдин милдетин аткаруучу болуп бекитилди.

Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

26-январь күнү Аалымдар кеңешинин кезексиз жыйыны өткөн. Анда муфтий Замир кары Ракиевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызы канааттандырылды. Ракиев Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү болду.

Самидин Атабаев 51 жашта. Ал диний да, светтик да жогорку билимге ээ: 1991-1995-жылдары Кыргызстан Ислам институтунда, 2002-2006-жылдары Орусия Ислам университетинде, 2011-2016-жылдары Ош мамлекеттик юридикалык институтунда окуган.

Эмгек жолун 2006-жылы Өзгөн районундагы «Абдираим кары» медресесинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуу менен баштаган.

2008-2010-жылдары Өзгөн районундагы «Имам Аль-Бухарий» Ислам институтунун окуу иштери боюнча проректору, 2010-2015-жылдары Өзгөн районунун башкы имам хатиби, 2015-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Ош облусунун казысы кызматтарын аркалаган.

Самидин кары Атабаев 1999-жылы Москва шаарында өткөн Куран жарышында 3-орунду, 2002-жылы Татарстанда өткөн Куран жарышында 1-орунду, 2003-жылы Москва шаарында өткөн Куран сынагында 1-орунду алган. 2015-жылы «Ош шамы» гезити «Жылдын мыкты жетекчиси» деп тапкан.

Орус, түрк, өзбек, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.

Copyright © 2017 Maral FM