Connect with us

Акыркы 4 жылда мамлекеттик кызматкерлердин маянасы канчага жогорулаганы айтылды

Кыска кабар | 24 Янв 2024 | 267 | 0

2020-жылдан 2023-жылга чейин Кыргызстандын бюджетинен эмгек акы төлөөгө бөлүнгөн каражаттын көлөмү эки эсе көбөйдү. Мындай маалыматты Каржы министрлиги билдирет.

Алсак, 2020-жылы мамлекет социалдык чегерүүлөрдү эске алуу менен эмгек акыга 61,8 миллиард сом бөлгөн,

-2021-жылы бул максатка бюджеттен 65,2 миллиард сом бөлүнгөн,

-төлөмдөрдүн олуттуу өсүшү 2022-жылы болгон – 95,3 млрд сомго чейин,

-ал эми 2023-жылы бул көрсөткүч 122,2 миллиард сомду түзгөн.

Эмгек акынын орточо өсүшү:

— билим берүү жана илим кызматкерлерине 180%,

— медициналык кызматкерлерине 150% чейин,

— маданият, маалымат жана спорт кызматкерлерине 200% тегерегинде,

— социалдык коргоо кызматкерлери 200% чейин,

— мамлекеттик жарандык кызматчылардын 210% чейин,

— муниципалдык кызматчылардын 253% чейин,

— мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматчылардын 212% чейин,

— техникалык тейлөөчү персоналдын 178% чейин,

— кенже тейлөөчү персоналдын 172% чейин,

— бош жалданган жана жарандык персоналдын 169% чейин.

2022-жылдын 1-октябрынан тарта прокуратура органдарынын кызматкерлерин кошпогондо, аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акынын фондунун 80 пайызына чейин жогорулатуу каралган.

Жылдык керектөө 10 млрд сомдон жогору түздү, 2022-жылдын 1-октябрнан баштап 3 млрд сомдун тегерегин түздү.

Баткен облусундагы аскердик кызмат үчүн үстөктөрдү эсепке албагандагы эмгек акынын орточо өсүшү:

— укук коргоо органдарынын кызматчылардын 210% га чейин;
— аскер кызматчылардын 240% га чейин болду.

Copyright © 2017 Maral FM