Connect with us

Кумтөр кенинде иш штаттык режимде жүрүүдө

Кыска кабар | 23 Янв 2024 | 364 | 0

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому Кумтөр кенинде абал туруктуу экенин билдирди. 23-январга караган түнү болгон жер титирөө учурунда Кумтөр кен жайынын бардык кызматтары коопсуздук техникасынын эрежелерине ылайык иш алып барышкан.

Кумтөр кенинде жабыркагандар жана кыйроолор жок. Азыркы учурда кен штаттык режимде иштеп жатат.

Кыргызстанда 23-январга караган түнү саат 00:09да катуу жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кытайдын аймагында күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга (Каракол шаарынан 137 чакырым түштүк- чыгышта, Каджы-Сай айылынан 150 чакырым түштүк-чыгышта, Нарын шаарынан 275 чакырым түштүк-чыгышта, Бишкек шаарынан 300 чакырым түштүк-чыгыш) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, Кыргызстанда түндөгү жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM