Connect with us

Кыргызстандыктар Газанын тургундарына 307 миң сомдон ашык акча чогултушту

Кыска кабар | 9 Янв 2024 | 224 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 8-январына карата Каржы министрлигинин Газа тилкесинин тургундарына жардам катары каражат чогултуу үчүн ачылган атайын эсебине 307 миң 465,3 сом жана 1 миң рубль түшкөн.

Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Каржы министрлиги 2023-жылдын 18-декабрында Газа тилкесинин тургундары үчүн каражат чогултуу үчүн атайын эсеп ачкан.

Каалоочулар төмөнкү реквизиттер аркылуу акча жөнөтө алышат:

ОАО «Айыл банк»;

ИНН 41002202310503;

БИК 135039;

ОКПО 31816860;

Эсептин номуру: № 1350158030000557 «МФ КР (сом, доллар США, евро, рубль);

Төлөм коду: 14411100 – «Учурдагы жардам»;

Максаты: Газа тилкесинин калкына ыктыярдуу жарандардан жана юридикалык жактардан жардам.

2023-жылдын 7-октябрында палестиналык ХАМАС тобу Израилге кол салган. Буга жооп иретинде Израил Газа тилкесине абадан сокку уруп, аскерлерин жиберген. Израил Египет менен бирге коопсуздук чараларын шылтоолоп, сектордун чек араларын 2007-жылдан бери жаап келет.

Copyright © 2017 Maral FM