2024-жылдын 1-январына карата 146 миң 633 төрөлгөн балага “балага сүйүнчүнүн” бир жолку төлөмүнө республикалык бюджеттен 584 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын ичинде бир эле мезгилде үч эм жана андан көп төрөлгөн 28 балага 1,4 млн сом төлөндү.
Бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмдүн өлчөмү ар бир балага 4 миң сомду түзөт. Ал эми бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда, “балага сүйүнчү” ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө төлөнөт.
2023-жылы «балага сүйүнчү» жөлөк пулун төлөөгө каржылоо 61,2 млн сомго көбөйгөн.
2022-жылы 130 миң 200 балага 522,8 млн сом каржыланган, анын ичинен бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 40 балага 2 млн сом сом бөлүнгөн.