Connect with us

Автоунааларга видеорегистратор орнотуу милдеттендирилет

Кыска кабар | 25 Дек 2023 | 315 | 0

Ички иштер министрлиги «Жол кыймылы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизген долбоорду сунуштады. Белгилүү болгондой, долбоордо трактор, өзү жүрүүчү (самоход) унаалардан башка унаалардын баарына видеокаттоочу жабдык орнотуу каралган. Айрыкча, жүргүнчү ташыган, кооптуу жүктөрдү ташыган унаалар милдеттүү түрдө койдурушу керек болот.

Видеокаттоочу жабдык орнотулбаган унаалардын жолдо жүрүүсүнө, Кыргызстандын аймагына каттоосуна тыюу салынат.

Мыйзам колдоо тапса, 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

«Видеокаттоочулар укук бузууларды белгилеп, ошондой эле жол-унаа кырсыктарын талдоодо талаш жараткан жагдайларда маанилүү инструмент болуп берет.

Бул ченем жол кыймылына катышкан учурда айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатат жана тартибин жакшыртат, ошондой эле укук бузууларды жана кылмыштарды алдын алууга, алардын бетин ачууга дагы оң таасирин тийгизет» , — деп айтылат негиздемеде.

2022-жылдан 2023-жылдын 31-августуна чейин өлкөдө 11 миң 368 жол кырсыгы катталган, анда 1115 адам каза болуп, 17 миң 741 адам жараат алган, ошондой эле, окуя болгон жерден 1855 айдоочу качып кеткен.

Автомобиль жолдорундагы авариялардан каза болгондордун дээрлик 70% активдүү эмгекке жарамдуу курактагы адамдар (25 — 40 жаш) түзөт.

Видеокаттоочу жабдык орнотулбаган учурда жеке жактарга 10 миң сом айып салынат.

Мыйзамдын долбоору коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (http://koomtalkuu.gov.kg) дагы жайгаштырылган.

Copyright © 2017 Maral FM