Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын 1-январынан тарта өлкө аймагында патент менен соода кылуу токтой турганын маалымдады. Ошол күнгө чейин патент менен соода кылган ишкерлер салыктын башка режимдерине өтүп, жалпы салыктык режимди же атайын салыктык режимди тандап, ошонун негизинде иш алып барышы керек. Аталган эки режимде бир гана салык каралып, үч пайыздык чен бар. Ал эми ишкерлер мындай өзгөртүүлөр соодагерлердин ишине терс таасирин тийгизерин айтышууда. Ошол эле учурда патентти жоюуну туура көргөндөр да бар.
Жаңы жылдан баштап өлкөдө патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү мөөнөтү аяктайт. Салык кызматы бул тармакта иштегендер жаңырган жылда салык төлөөнүн башка ыкмасын тандашы керектигин эскертти.
Ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат:
– жалпы салык режими: салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык төлөнөт;
– бирдиктүү салык: чакан жана орто бизнес үчүн алгылыктуу салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Салыктын ставкалары жылдык кирешенин көлөмү 8 млн сомго чейин болсо, 0%, ал эми 30 млн сомго чейин – 1% жана 50 млн сомго чейин – 0,5% түзөт.
Ишкер Мирбек Асангариев базарда соода кылгандардын көпчүлүгү патенттин негизинде иштээрин белгиледи.
Ал соода тармагында иш жүргүзгөндөр үчүн жеке ишкер статусуна өтүү кыйын болорун айтып, патент менен иштөө кыйла жеңил экенин, аны жоюу туура эмесин кошумчалады.
«Патент менен иштөө оңой. Мисалы, базарда соода кылгандар патентти бир алып, сатуу көлөмү белгилүү болгондуктан, ошого ылайыктап сата беришет. Аларга бир бааны коюп иштеген жеңил. Ал эми жеке ишкер (индивидуальный предприниматель) статусуна өтүү үчүн банктан эсеп ачышы керек. Салык отчётун ай сайын бериши керек. Бухгалтер алышы зарыл. Ал эми соцфонд өзүнчө жүргүзүлөт. Бул соодагерлер үчүн бир топ ыңгайсыздык жаратат. Базарда бир-эки эле адам иштейт. Көбүнчө үй-бүлөсү менен иштешет. Патентте эле калса туура болмок».
Орто жана чакан ишкерлер коомунун аткаруучу директору Хализ Кожобеков ишкерлердин көпчүлүгү каржылык жактан сабаттуу эместигин айтып, соодагерлердин көбү жөн гана алып-сатуу менен алектенерин белгиледи.
Эгер патенттин негизинде иш алып баруу токтосо, көптөгөн ишкер жумушсуз калышы мүмкүн.
Мындан сырткары Кожобеков мындай өзгөртүүлөр элдин нааразычылыгын пайда кылып, кымбатчылыкка түрткү болорун айтты.
«Азыр көпчүлүк ишкерлер алып сатканды, кошконду, алганды, көбөйткөндү жана бөлгөндү эле билишет. Калган нерселерди түшүнө беришпейт. Ал эми чоң ишканалардын, гипермаркеттердин, супермаркеттердин бардык шарты бар. Мисалы, бухгалтери бар. Бардык кызматкери жетиштүү. Биз буга чейин көп нерсени өкмөткө сунуштаганбыз. Бирок алар биздин сөзүбүздү уккан жок. Бизди алдап келип, жанагы 8 млн сомго такап койду. Бирок ал азыр иштеген жок. Мындай кете берсек, 2024-жылы ишкерлердин көйгөйү 200 пайыз көбөйөт».
Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер көзөмөл-кассалык машинаны (ККМ) пайдалануу жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талаптарды, ошондой эле бир катар башка милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү.
Бул режимдердин бирине өтүү үчүн ишкерлер катталган дареги боюнча салык мекемесине арыз бериши керек. Азыркы учурда салык органдары башка салык режимдерине акырындык менен өткөрүүнү камсыз кылуу максатында соодагерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Экономист Нур Токобаев жеке ишканаларды ачууга караганда патент менен иш алып баруу жеңил экенин белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы ишкерлер салыктын бул түрүнө өтүүгө даяр эмес.
«Жеке ишканаларды ачууга караганда патент алуу оңой. Патент алуунун жол-жобосу жеңил. Бир патент менен каалаган өлчөмдөгү товарды сатууга болот. Канча товар сатса да, патенттин баасы өзгөрбөйт. Ал эми жеке ишкана катары катталып, товар сатылса, канча товар сатылганы көрсөтүлүп, суммасы да катталат. Кыргызстанда элдин көбү соода менен алектенет. Алардын баарын жеке ишкер катары каттоо туура эмес болот. Патент калтыруу туура болот».
Ал эми дагы бир экономист Кубан Чороев патенттин негизинде соода жүргүзүүнү токтотууну туура деп эсептейт. Анын айтымында, патент бул — эски система. Санариптешүү мезгилинде жаңы ыкмаларды колдонуу жеңил болот.
Мындан сырткары ал мамлекет мындай чечим кабыл алардан мурун ишкерлер, соодагерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтты.
«Негизинен патент системасын эски доор деп айтсак болот. Анткени убагында өнүгө элек мезгилде бул өзүнүн жакшы кызматын аткарды. Ал эми бүгүнкү күнү салык кызматы өнүгүп жатат. Жаңы ыкмаларды колдонуп, жөнөкөйлөтүү керек. Баарында телефон бар. Ошол аркылуу да салыктарды төлөсө болот. Бул ыкмаларга эртеби-кечпи өтүшүбүз керек».
Мамлекет акыркы жылдары өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү жана электрондук эсеп-фактура да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда, анын ичинде Ош шаарында бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.