Connect with us

30-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 29 Сен 2023 | 432 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 30-сентябрга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +12…+17,

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14.

Бишкекте өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +20…+22 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM