Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн героин жана апийим табылды.
ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы менен биргеликте Бишкектеги үйлөргө тинтүү жүргүзгөн.
Иштин жүрүшүндө кызматтык ит 1984-жылы туулган К.У. аттуу жарандын үйүнөн жашыл түстөгү курулуш мээлейин таап чыккан. Мээлейде 40 грамм героин, 90 грамм апийим болгон.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен иш козголуп, шектүү Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилген.
Учурда тергөө жүрүп жатат.