Connect with us

Бишкектеги 16 мектепте электрондук күндөлүк киргизилүүдө

Кыска кабар | 4 Сен 2023 | 339 | 0

Бишкектеги 16 мектепте «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу электрондук күндөлүк киргизилүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, долбоор шаардагы бала бакчалардын жана мектептердин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты санарип форматта алуу үчүн Билим берүү департаментин санариптештирүүнүн алкагында пилоттук режимде ишке кирүүдө. Ошондой эле бул кагаз колдонууну азайтат.

Пилоттук долбоор шаардын №2, 13, 42, 50, 55, 57, 58, 68, 72, 74, 77, 79, 80, 93, 97, 102 мектептеринде ишке киргизилүүдө.

«Эми ата-энелер жана балдар бекер «Менин шаарым» мобилдик тиркемеси аркылуу сабактардын графигин, үй тапшырмаларын, жетишкендиктерин жана катышуу рекорддорун көрө алышат. Мындай пилоттук долбоор «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы тарабынан иштелип чыгып, борбор калаанын Ленин районунун айрым билим берүү мекемелеринде өтүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Мекеме эгер жыйынтык ийгиликтүү болсо, долбоорду андан ары өнүктүрүү жана башка мектептерге жайылтуу жагы караларын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM