Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан жогорку кызматтагы адамдардын мамлекетке чыккынчылык кылуу фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
«2023-жылдын 2-сентябрында Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы М.А.К. (ред. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич) кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 323- беренеси (Мамлекеттик чыккынчылык) боюнча айып коюлду», — деп айтылат маалыматта.
Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалып алынган.
Тергөө иштери улантылууда.