Connect with us

Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Кыска кабар | 2 Авг 2023 | 458 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Ушул жылдын 2-3-августунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

ӨКМ Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунун тургандарын сел каптоонун алдын алуу максатында үй жанындагы, чарбактардагы арыктарды тазалоону сунуштайт.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча эртең, 3-августта Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM