Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Кытайдан келген адистер көзгө операцияларды жасашат

Кыска кабар | 1 Авг 2023 | 351 | 0

Кытайдан келген офтальмологдор көздүн катаракта дартына текшерүү жана операцияларды жасашат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Улуттук госпиталда №1 жана №2 көз микрохирургиясы бөлүмдөрүнүн базасында 12-сентябрдан 26-сентябрга чейин «Экспресс ден соолук – жаркын саякат» долбоорунун алкагында, Кытайдан келген офтальмологдор текшерүүлөрдү жана операцияларды жасайт.  Катаракта диагнозу боюнча 300 операция жасалат.

Алдын ала текшерүү жана бейтаптарды каттоо Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасында 7-августтан 8-сентябрга чейин жүргүзүлөт. Саат 9:00дөн 16:00гө чейин баруу керек. Жарандар өздүгүн тастыктаган документтерин, маалымкаттарын (пенсия, майыптыгы, баатыр эне тууралуу ж.б. күбөлүгү) жанына алып алышы керек.

Байланыш үчүн телефон: 0990800483.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM