Connect with us

Чүй облустук бириккен ооруканасына Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды

Кыска кабар | 11 Июл 2023 | 688 | 0

Чүй облустук бириккен ооруканасына профессор, хирург Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу 11-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим Көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын чечиминин негизинде, Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Эрнст Хашимович Акрамовдун хирургиянын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизген хирургиялык практикага жана дарылоонун инновациялык ыкмаларын өнүктүрүүгө кошкон салымын жана жетишкендиктерин баса белгилейт. Анын тажрыйбасы жана чеберчилиги медициналык практиканын кесипкөйлүгүнүн жана жогорку сапатынын үлгүсү болуп саналат», – деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

Эрнст Акрамов 1936-жылы Бишкек шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Бишкектеги №2 клиникалык ооруканада хирург болуп иштөө менен баштаган.

1967-жыл кандидаттык, 1990-жылы докторлук дисертациясын жактаган. КММИде ассистент, доцент, респубикалык клиникалык ооруканада жалпы хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

1992-жылдан тарта Чүй облустук ооруканасынын хириргуясынын башчысы болуп иштейт.

IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM