1-июлда Бишкектин Ала-Тоо аянтында Салык кызматы уюштурган «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын чоң утушу өткөрүлөт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдирди.
Бул күнү 10 электромобиль жана Дубайга эки кишилик 3 жолдомо, иш-чаранын катышуучулары үчүн атайын кошумча 15 смартфон ойнотулат.
Иш-чара саат 19:00дө башталат. 20.00дөн тартып утуштар УТРКда, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз алып көрсөтүлөт.
Эскерте кетсек, лотерея 26-июндан 30-июнга чейин өткөрүлүүдө.
Бүгүнкү күндө лотереяга 236 миңден ашуун адам катышууда.