Connect with us

27-июнга карата аба-ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 26 Июн 2023 | 551 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 27-июнь түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35,

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 31…33 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM